ЮРФА салттуу медициналык мектептин негизинде, фундаменталдык жана коштомо илим менен тыгыз байланышта, жогорку инновациялык медициналык технологияларды колдонуу менен Кыргыз Респуликасындагы алдыңкы заманбап диагностикалык жана дарылоо-консультациялык комплекс болуп саналат жана медициналык кызматтардын сапаттуу жана натыйжалуу көрсөтүлүшүн камсыз кылат.
Биз жогорку сапаттагы медициналык тейлөөнү кармануу менен, атаандаштыкка туруктуулугубуздун жана аброюбуздун өсүшүн камсыз кылабыз, диагностика, дарылоо, көптөгөн оорулардын алдын алуу жаатында ата мекендик жана эл аралык таанылууга аракет кылабыз.
Биздин негизги максат – республикабыздын калкынын саламаттыгын медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жакшыртуу, өлкөбүздүн жашоочуларынын талаптарын жана күтүүлөрүн канааттандыруу аркылуу жакшыртуу.