ЮРФА компаниясы медициналык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө өз ишмердигин 1999-жылдан тартып ишке ашырып келет. 20 жылдан ашуун иш жүргүзгөн мезгилде компания медициналык продукциянын дистрибьюциясы боюнча рынокто жана медициналык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө алдыңкы компаниялардын бири боло алды.
Азыркы учурда ЮРФА – бул динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан, 650дөн ашуун адам иштеген компания. Компаниянын негизин медициналык түрдүү жааттарындагы прогрессивдүү жана квалификациялуу адистер түзөт. ЮРФАнын командасы – диагностикада, дарылоодо жана бейтаптарыбызды өмүрүн узартуу жана жашоо сапатын жакшыртуу максатында реабилитациялоодо мыкты жыйынтыктарга ээ болуу үчүн биздин артыкчылыгыбыз.
Биздин команданы жалпы баалуулуктар бириктирип турат.
БААЛУУЛУКТАР
Биз үчүн негизги баалуулук – бейтаптын талаптары.
Кесипкөйлүк
Кесипкөйлүк билимди, квалификациялуулукту, тажрыйбаны, жаңы методикаларды үйрөнүүнү, жоопкерчиликти, кесиптик өнүгүүнү; ылдамдыкты жана тактыкты; биздин медициналык ишмердиктин коопсуздугун билдирет.
§ Лидер болуу
Биз алгачкылардан болуп ата мекендик медицинанын практикасына мыкты диагностикалык жабдууну киргиздик, мыкты адистерди окуттук, биздин жарандарга заманбап сервис жана жогорку сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүү тартууладык. Биз кызматкерлердин демилгесин ар дайым колдойбуз жана бейтаптарга диагностиканын, дарылоонун жана реабилитациялоонун эң алдыңкы жана жогорку технологиялуу методдорун сунуш кылууга кызыкдарбыз.
§ Урматтоо
Биз бардык бейтаптарга алардын социалдык абалынан көз карандысыз урматтоо менен мамиле кылабыз, алардын муктаждыктарына кам көрөбүз жана кылдат көңүл бөлөбүз. Командалык иштин негизи – өз ара бири-бирин урматтоо жана жоопкерчилик. Биз өнөктөштөр менен кызматташууда сый-урматты жана ак ниеттүүлүктү жогору баалайбыз.
§ Команда
ЮРФА командасы – бул максаттарга биргеликте жетүү жана милдеттерди биргеликте аткаруу, ар бир кызматкерге кам көрүү жана өз ара колдоо көрсөтүү.
§ Инновациялар
Бизде ар кандай ооруда комплекстүү диагностика жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар бар. Биз заманбап медициналык технологияларды колдонобуз жана бейтаптарга азыркы учурда болгон методдорго жана жабдууларга карата жогорку деңгээлде атаандаш болгон методдорду жана жабдууларды сунуш кылуунун үстүндө иштөөнү улантып жатабыз.
§ Рационалдуулук
Биз иштөөдө тартипке, дисциплинага жогору баа беребиз, биз оңтойлуу жана ойлонулган максаттарды жана милдеттерди коебуз, биз рационалдуу чечимдерди баалайбыз.
МИССИЯ
Биз ата мекендик медициналык практикага алдыңкы эл аралык диагностика технологиясын, гумандуулукка, ишенимдүүлүккө жана коопсуздукка негизделген дарылоонун жана реабилитациялоонун заманбап методдорун киргизүү менен адамдардын ден соолугуна кам көрөбүз.