ЮРФА дарылоо-диагностикалык борборуна кош келиңиз!
ЮРФА – бул бүтүндөй үй-бүлөгө арналган көп функционалдуу дарылоо-диагностикалык борбору.
Биз медициналык мекемелер жөнүндө пикириңизди өзгөртөбүз!
Биздин борбордун артыкчылыктары:
- Кесипкөйлүк, ак ниеттүүлүк, ыңгайлуулук жана ар бир кардар үчүн индивидуалдуу мамиле
- Кезек күтүүнүн жоктугу, сизге ыңгайлуу болгон убакытты өзүңүз белгилейсиз
- Биз жумушубузда кесипкөйлүккө жана адамгерчиликке, сиздин бардык көйгөйлөрүңүзгө көңүл бурууга жана кам көрүүгө жогору баа беребиз
- Мол тажрыйбага ээ түрдүү профилдеги жогорку квалификациялуу адистер ар бир бейтапка индивидуалдуу мамиле жасашат
- Биздин борбордо кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектри бар: диагностика, консультация, дарылоо, физиотерапиялык процедуралар ж.б.
- Биз жыйырмадан ашуун медициналык багыттарды бириктирдик: неврология, хирургия, кардиология, ревматология, педиатрия, терапия, гинекология, урология, офтальмология, оториноларингология, проктология жана медицинанын башка бөлүмдөрү
- ЮРФА борборлору диагностика жана дарылоо үчүн эксперттик класстагы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган: МР-, РК-томографтар, рентген-диагностика, эксперттик класстагы УД-жабдуу, ЛОР-комплекстер, радиотолкундуу хирургия жана кичи инвазивдүү хирургия үчүн жабдуулар, ЭКГ, АБ суткалык мониторинги
- Жогорку технологиялуу лаборатория сизге кыска мөөнөттүн ичинде так жыйынтыктарды алууга мүмкүнчүлүк берет
- Биздин медициналык борбор – бул бүтүндөй үй-бүлөгө арналган борбор: ымыркай бейтаптардан баштап улгайган курактагы адамдарга чейин ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык
- Автоунаа менен кирүү ыңгайлуу жана унаа токтотмо бар.
- Идеалдуу тазалык, жогорку класстагы жабдуу жана медициналык борборлордун эң мыкты адистери ЮРФА жогорку деңгээлде тейлөөнүн үлгүсү болуп саналат. «Сапаттуу медицина» ар дайым эле «кымбат баалуу дарылануу» дегенди билдирбейт, биз үчүн баалардын ыңгайлуулугу маанилүү болуп саналат.
ЮРФА – сизге жана үй-бүлөңүзгө арналган медициналык борбор!